Кербен шаарында эски мектеп бузулуп, кайра курулууда

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында 15-июль күнү Аксы районунда болду. Сарпашев район борбору Кербен шаарында эскилиги жетип бузулуп, кайра курулуп жаткан мектеп менен таанышты. Сарымат Качыкеев атындагы бул мектеп 1959-жылы негизделип, 1993-жылы кеӊейтилип курулган. Учурда авариялык абалда болгондуктан мектеп түрк грантынын эсебинен бузулуп, кайра курулууда. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Анаркул Шырдаковдун айтымында, курулуп жаткан мектептин долбоордук баасы 58 миллион сом. Учурда аталган сумманын 17 миллион сому бөлүнүп, курулушчулар иштеп башташты. Белгилей кетсек, мектеп 320 окуучуга ылайыкталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан