Кечээ, 16-июнда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында “Кайыӊды” балдар лагеринин 2-агымынын ачылышы болуп, ага вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев катышты. Анда Жалал-Абад облусун иш сапары менен кыдырып жүргөн вице-премьер-министр лагерде эс алып жаткан балдардын чакан концертине күбө болуп, аларга өз куттуктоосун жолдоду. Ошондой эле ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте аталган лагерге суюк кристаллдуу телевизор жана балдарга арналган оюнчуктарды, лагерь оюндарына керек болуучу инвентарларды белекке тапшырды. Мындан сырткары Тайырбек Сарпашев концерттик программанын соӊунда балдар үчүн жагыла турган отту тутандырды. Белгилей кетсек, “Кайыӊды” лагерине Кара-Көл шаарынан сырткары Кетмен-Төбө жана Жазы-Кечүү шаарчаларынын балдары да эс алышат.