Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 17-июлда президент Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелге туулган күнүнө карата куттуктоо жөнөттү.  

“Азыркы учурда кыргыз-герман мамилелери өнүгүүнүн жаңы этабына чыгууда, биздин өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү таламдарына жооп берүү менен өз ара пайдалуу негизге ээ болууда”, - деп белгиледи президент. Мамлекет башчысы мындай деп баса белгиледи: “Эки тараптуу өнөктөштүктүн конструктивдүү мүнөзүнүн жаркын күбөсү 2012-жылдын декабрындагы ак ниеттүү сүйлөшүүлөр болду. Анда Сиз Кыргызстандагы демократиялык жана социалдык-экономикалык реформалардын багытын мындан ары да колдоого даярдыкты билдиргенсиз”, - деп жазылат куттуктоодо.

Алмазбек Атамбаев Ангела Меркелге чың ден соолук жана герман элинин гүлдөп-өсүүсү үчүн мамлекеттик ишмердүүлүгүндөгү мындан аркы да ийгиликтерди каалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан