Былтыркы жылы жогорку кызматка дайындалгандар быйыл темир тор артында калды. 2018-жылы бир топ мурдагы чиновниктер кармалды. Президент Сооронбай Жээнбеков февраль айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөш күчөтүлө турганын айткан эле. Бирок көпчүлүк мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдары гана камакка алынып жатканын айтышууда. Өтүп бараткан жылы кимдер камакка алынганын, кимдерге кылмыш иши козголгонун SUPER.KG порталы тизмектеп чыкты.
Май айында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында айып тагылган. УКМКнын маалыматында Исаков 2013-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары даражасындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында туруп “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш-аракеттерди жүргүзүү аркылуу подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон деп айтылат. Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан. Исаков июнь айынын башында УКМК тарабынан тергөө бүткөнчө камакка алынган.
2012-2014-жылы өкмөттү жетектеген Жантөрө Сатыбалдиев быйыл июнда УКМК тарабынан ЖЭБди модернизациялоо алкагында козголгон кылмыш ишинин негизинде кылмышка шектүү катары кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө (кылмышка шериктеш болуу) жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышка шектүү катары УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камагына киргизилген.
Июнь айынын башында Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге Бишкек "ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш ишин козгогон. Козголгон кылмыш ишинин негизинде депутат УКМК тарабынан камакка алынган.
Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Ал 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда. Июнь айында УКМК Кулматовду камакка алган.
28-майда УКМК тарабынан “Дастан” ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурдагы сатып алуулар боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Ноябрь айында тергөөчүлөр экс-мэрге "коррупция" жана "алдамчылык" боюнча айып тагышкан.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков 10-апрелде 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-берене (менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалынан мыйзамсыз пайдалануу) менен айыпталып кармалган. Маалыматка ылайык, ал экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык болгон деп айтылган 48 VIP-коттеджди арзан саткан деп айыпталууда. Ал май айында камакка алынган.
Октябрь айында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго карата кылмыш иши козголуп, ал сырттан камакка алынган. Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдалган. Кылмыш иши козголгондон эки күндөн кийин Илмиянов УКМК тарабынан камакка алынган.
Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 7-декабрда УКМК тарабынан кармалган. Зилалиевге "мыйзамсыз баюу" беренеси менен иш козголгон. Ал декларациясында 2011-2016-жылдары мамлекеттик кызматта туруп жеке өзү 2 миллион 541 миң 527 сом, жубайы 408 миң сом киреше тапканын көрсөткөн. Бирок тергөөнүн жыйынтыгында Зилалиевдин башка дагы акча каражаттары жана кыймылсыз мүлктөрү бар экени белгилүү болгон. 2018-жылдын сентябрына чейин коммерциялык банктардын бирине сактап жүргөн 889 миң 900 доллар акчасы табылганы маалыматта жазылат. УКМК жарыялаган маалыматка ылайык, Зилалиевдин декларациясына көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери да бар экендиги аныкталган, бирок ал мүлктөр жакындарынын атында болгон. Кийин интернетке жүктөлгөн видеодон Зилалиевдин үйүнөн 2 миллион 900 миң сом жана 100 миң доллар табылганын көрүүгө болот. Ошондой эле видеодо "Ордо" шаарчасында жайгашкан үйү, Бишкектин борборундагы эки кеңсе имараты жана жер тилкеси көрсөтүлгөн.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча 29-апрелде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген. Андан кийин 25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. 20-октябрда Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, сотко өткөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган. 25-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Шадиевге карата сырттан 10 жылга күчөтүлгөн режимде жаза өтөө чечимин чыгарган.