Аскарбек Шадиевге дагы бир кылмыш иши козголду

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 25-июнда Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштерин УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.

Эске салсак, 1-июнда УКМК мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин 28-апрелде Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москва шаарындагы Домодедово аба майданына учуп барып, андан ары Кыргыз өлкөсүнүн дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткенин аныктаган.

28-апрелде Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылууда. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган.

31-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин баш коргоо чарасын карап, аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо боюнча сырттан чечим чыгарган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
bond02
2018-06-28 18:59:18
Кармап келип анан кылмыш ишин козгосонор адам ишенгидей кылып, сыртынан козгоп эле озунорду сооротпой.
+4
Tima0304
2018-06-28 19:01:08
Кайра кайра козгой бербей жегенин кустуруш керек да эмне толк кетип калгандан кийин 120 кылмыш козгонун Голливудда эс алып журот жыргап ал болсо
+4
aerforce
2018-06-28 19:21:47
козгой бергиле эми тарых музей жол ТЭЦ баарын ошолго качып кеттида ошолго шылтай бергиле эми
-2
jake91
2018-06-28 19:23:53
чумолор.озунор качырып озунор кылмыш ишин козгоп журо бербей кармап алып келгиле,жегенин куссун.
+3
Dembele84
2018-06-28 19:25:32
Омур бою эркинен ажыратсанар да толк жок,качырып жиберип анан ар нерсени айтып отурбай.Кылмышка шек жаратты деген кундон сразу чек арадан чыкпай турган кылып запрет кылыш керек болчу же кайсы заставанын территориясынан отту ошол начальник заставаны камаш керек.Акчаны берип машина менен эле откон,эч чек араны бузбай эле!
+4
Dembele84
2018-06-28 19:32:59
Мындай чет жерде качып жургон кылмышкерлерди интерпол дегенге кычыктан болсо да таптырчы эле,биздикилер сырттан соттоп коюп башын ооруткусу келбей коркуп отурат да.Канчасын давно карматып келип,тыгып койсо болот эле озу.
+3
anash
2018-06-28 19:41:49
ала арчаны мамлекетке откоргуло качырган дал озунорсунор
+1
take19
2018-06-28 22:20:34
Козгозоңор да, соттосоңор да эми ага бары бир эмеспи.
0
Meni_unut
2018-06-29 01:53:42
Дуйнону суу басса Шадиевге баары бир
0
senchi
2018-06-29 08:07:29
Биринчи кармап келип анан жарыя бергиле
0
ETAAA_18
2018-06-29 08:56:22
Жоо кеткенден кийин кылычыны ташка чап...
0
munar1980
2018-06-29 09:47:03
Жок эле адамга кылмыш иш козгогондон жадабайт экенсинер да
+1
jbolotov
2018-06-29 14:46:51
УКМК Шадиевди олкодон чыккан жок деп ишендирип ататэлего? Эми бергенин жеп алып качып кетиптир деп отурган УКМКнын жетекчилеринда жоопко тартыш керекда, мамлекетте мыйзам иштейби же циркби Кыргызстан?
0
Bayazet
2018-06-29 14:53:07
Мага десе 40 кылмыш иши козгобойбу качыргандан кийин
0
bekmirzach
2018-06-29 17:08:43
Шадиев Атамбаевдин кассири, бугалтери болгон баарын ушул козомол кылып турган ошондуктан муну бекитип качырган деген кептер бекеринен айтылбаса керек. Анын бул Кыргызстандагы баардык мулкторун мамлекетке откоруп беруу зарыл.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан