Эртең, 18-июлда Свердлов райондук администрациясы Бишкек шаарында июлдун башында төрөлгөн үч эмдин апасы Назира Камилова менен жолугушат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Анда 3 ымыркай үчүн атайын белектер берилип, акчалай жардам да көрсөтүлмөкчү. Иш-чара саат 14:00дө башталат. Эске сала кетсек, үч эм 5-июлда №1-төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келишкен. Ымыркайлардын үчөө тең кыз.