Бүгүн, 18-июлда "Түндүк электр" ишканасына караштуу бир катар электр жабдууларын оңдоо иштери жүрөт. Буга байланыштуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Өчүрүү Бишкектин Байтик баатыр, Медеров, Жаш Гвардия, Васильев, Фрунзе, Тоголок Молдо, Коммунарова, Жибек Жолу көчөлөрүндө болот. Ал эми ушул эле убакытта Чүй облусунун Ленин, Мыкан, Алексеевка, Ново-Николаевка айылдарында, Кара-Балта шаарынын Мичурин көчөсүндө электр жарыгы болбой турганын "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.