ЭЛДИК КАБАР: "Сайттардын биринде ачык эле курал сатылып жатат" дейт окурман

Кыргыз өлкөсүндөгү соода-сатык иштери жүргүзүлгөн сайттардын биринде курал сатылып жатат. Бул маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Интернеттен курал сатылып жаткан жарыяга көңүлүм түштү. Көрсөтүлгөн номерге байланышып, "куралдын тиешелүү документтери барбы" деп сурадым. Ал "документи жок эле сатып жатам" деди. Ушундай куралдарды ачык сата берсе болобу? Жарыяда "3 огу менен сатылат" деп жазылып турат", - дейт окурман.

Мындан тышкары тапанчанын түрү жана ал эмнеде колдонулары жарыяда белгиленбегенин кошумчалады окурман.

Бул кабар боюнча алынган жоопту шилтеме аркылуу өтүп окуңуз.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bek_tash
2018-12-25 13:44:58
Пневматик бул. Документтин кереги деле жок.
+1
baisogur
2018-12-25 14:16:18
Бул пестик базарда деле сатылат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан