Жакында кышка даярдык көрүү үчүн Шамалды-Сай ГЭСинин 1-агрегатын оңдоп-түзөө иштери башталат. Бул тууралуу аталган ГЭСтин башкы инженери Алтынбек Айтикеев билдирди. Айтымында, ГЭСтин техникалык шарттары учурда жакшы. ГЭС бүгүнкү күндө 240 мВ кубаттуулукта иштейт. Ал эми Шамалды-Сай ГЭСинде жалпы 87 кызматкер бар.