Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев козголгон кылмыш иши боюнча айыптуу деп табылып, 25-декабрдагы сот отурумунда 10 жылга кесилди. Андан сырткары мүлктөрү мамлекеттин эсебине өткөрүлө турган болду. Шадиев чет өлкөдө болгону үчүн соттун чечими сырттан окулду.
Кылмыш ишине катыштыгы бар чиновниктердин сырттан камалышы Кыргыз жеринде кадимки көрүнүшкө айланып бара жатат. Соттук чечимдердин күчү жок, кылмышкерлер чет өлкөдөн келбейт. Ошону менен бирге жазага да тартылбайт.
SUPER.KG порталынын "Чиновниктерге алгач качып кетүүсүнө шарт түзүп берип, анан сыртынан соттой берүү оң жыйынтык алып келеби?" деген соболуна юрист Икрамидин Айткулов жооп берди.
Ал кылмышкерлерге сырттан өкүм чыгаруу мыйзамда жок экенин белгиледи.
"Сырттан өкүм чыгаруу - мыйзамсыз. Конституцияда сырттан өкүм чыгаруу тууралуу норма бар, бирок мыйзам жок. Бул боюнча канча убакыттан бери эле айтып келе жатам. Соттордун сырттан өкүм чыгаруусу Бакиевдерден кийин башталды. Аларды башка өлкөлөр кайтарып бербеши үчүн деле сырттан камап коюшту деп ойлойм.
Эгер кылмыш иши сотко өткөндөн кийин кылмышкер качып кетсе гана сырттан өкүм чыгарса болот. Конституциядагы нормада мыйзамга ылайык деп айтылат, бирок мыйзамдын өзү жок. Кылмыш иши тергелип бүткөндөн кийин материалдар менен айыпталуучу өзү таанышуусу керек. Айыпталуучу таанышкандан кийин сотко өткөрүү керек. Кылмыш ишти айыпталуучу өзү жок болсо сырттан сотко өткөрүүгө болбойт. Менин оюмча, Убактылуу Өкмөт Бакиевдерди кайра Кыргыз мамлекетине бербеши үчүн атайын ушундай кадамга барышкан. Анткени бардык мамлекеттерге кылмышкерди бергиле деп кайрылганда алар "бул саясий куугунтук" деп бербейт. Бакиевдердин Убактылуу Өкмөт тууралуу да билгендери бар болсо керек. Ошон үчүн алардын Кыргыз жерине келишин каалабай жаткандар болушу мүмкүн. Соттор карапайым элге эмес, саясатчыларга, чиновниктерге карата гана сырттан өкүм чыгарып жатышат. Бул алардын чет өлкөдөн келбешин шарттайт. Эгер кылмышкерди биздин өлкөгө кайтарып бер деп айтышса, саясий куугунтук болуп саналып калат. Конституцияда мыйзам жок болгондон кийин соттордун чечимдери дагы мыйзамсыз болуп кала берет", - деди юрист.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, жарандык активист Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.