Жарандык активист Адил Турдукулов: "Укук коргоо органдарында жана бийликте Шадиевди жоопко тартуу ниети болсо ишке ашырмак"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев козголгон кылмыш иши боюнча айыптуу деп табылып, 25-декабрдагы сот отурумунда 10 жылга кесилди. Андан сырткары мүлктөрү мамлекеттин эсебине өткөрүлө турган болду. Шадиев чет өлкөдө болгону үчүн соттун чечими сырттан окулду.

Кылмыш ишине катыштыгы бар чиновниктердин сырттан камалышы Кыргыз жеринде кадимки көрүнүшкө айланып бара жатат. Соттук чечимдердин күчү жок, кылмышкерлер чет өлкөдөн келбейт. Ошону менен бирге жазага да тартылбайт.

SUPER.KG порталынын "Чиновниктерге алгач качып кетүүсүнө шарт түзүп берип, анан сыртынан соттой берүү оң жыйынтык алып келеби?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.

Жарандык активист билдиргендей, чиновниктерди качып кетүүсүнө шарт түзүп, сыртынан соттогон азыркы бийликтен башталган жок, андан мурун деле болуп келген.

“Керек болсо камакта жүргөн адамды мыйзамсыз чыгарып кетишкен. Революциядан кийин соттоло турган адамдар ошол убактагы Убактылуу Өкмөттүн чечими менен чыгарылып кеткен. Икрамжан Илмиянов, Адамкул Жунусов чет жакта жүрсө дагы кармалды. Шадиевди жоопко тартуу боюнча укук коргоо органдарында жана бийликте ниет бар болсо ишке ашырмак. Менин оюмча, Шадиев мамлекеттик түзүмдөрдүн кийлигишүүсү, алардын уруксаты менен өлкөдөн чыгарылган. Анткени Шадиев бул жакта болсо азыркы бийлик өкүлдөрүнүн кээ бирлерине карата компромат же маалыматы болушу мүмкүн же аларга карата дагы кандайдыр бир схемаларга тиешеси бар экенин айтмак. Бул ишке күнөөлүү адамдардын саны көбөймөк”, - дейт Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, юрист Икрамидин Айткулов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан