Каракөл шаарында “Кайыңды” балдар лагеринин 2-бөлүгүнүн ачылышы болду

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 16-июлда Жалал-Абад облусун Каракөл шаарында “Кайыӊды” балдар лагеринин 2-бөлүгүнүн ачылышына катышты. Анда вице-премьер-министр эс алууга келген балдарды куттуктап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте балдарга өзүнүн белектерин тапшырды. Иш-чарада балдар концерттик программа тартуулашып, соңунда Сарпашев балдар тегеренип ойной турган отту (костёр) тутандырып берди. Айта кетсек, учурда лагерде 7 жаштан 14 жашка чейинки 165 бала эс алууда. Лагерде 8 тарбиячы, 1 дене тарбия мугалими жана башка кызматкерлер болуп жалпы 27 адам иштейт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан