Президент Алмазбек Атамбаев менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев күзүндө Бишкекте өтүүчү ШКУнун саммити тууралуу сүйлөшүштү

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-июлда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушууда министр 13-июлда Чолпон-Атада өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны боюнча маалымат берди. Ошондой эле Кытай өлкөсүнүн төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон иш сапарына карата даярдыктын жүрүшү тууралуу да айтып берди Абдылдаев. Президент Алмазбек Атамбаев сентябрь айында ШКУнун Бишкекте өтүүчү саммитине байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди министрге.

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан