Сөз эркиндигин коргоо комитетинин башчысы Адил Турдукулов: "Апрель" телеканалын сотко берүү аракети - сөз эркиндигине болгон басым"

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев оппозициялык “Апрель” телеканалын сотко берди. Буга аталган телеканалда көрсөтүлгөн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрдагы маеги негиз болууда. Доогерлер экс-президент тарабынан өздөрүнө карата такай кемсинткен жана ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка туура келбеген маалыматтардын жарыяланышына жана анын элге таратылышына нааразы. Үч саясатчы ар бири 6 миллион сомдон “Апрель” телеканалынан жана Атамбаевден, жалпы 18 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылышууда.

SUPER.KG порталынын "ЖМКларды миллиондогон сомдук доого жыкмай дагы башталды. Сөз эркиндиги корголбогон мамлекетте өнүгүү болобу?" деген соболуна сөз эркиндигин коргоо комитетинин башчысы Адил Турдукулов жооп берди.

Ал сөз эркиндиги корголбогон мамлекетте өнүгүү болбойт деген пикирде.

“Сөз эркиндиги аркылуу мамлекеттик органдардын элдин астында ачыктыгы жана аларга карата жоопкерчилиги жогорулайт. Ошол ачыктыкты камсыз кылган бул биринчи кезекте азыркы учурдагы журналисттер жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары болуп эсептелет. Ошондуктан бийлик ар кандай ыкмалар менен ошолордун оозун жабуу, аларды ооздуктоо аракетин жасайт. Менин оюмча, Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин “Апрель” телеканалын сотко берүү аракети - сөз эркиндигине болгон басым.

Мындай нерсе биринчи жолу болгон жок. Мурунку бийлик дагы сот органдары аркылуу миллиондогон сомдук доо арыздарды канааттандыруу аркылуу оппозициялык, көз карандысыз делген “Сентябрь” телеканалын жана “Заноза” сайтын жапкан. Бул жерде дагы кандайдыр бир план менен “Апрель” телеканалын жабуу аракети болуп жатат деген ойдомун. Бул, албетте, туура эмес. Биз буга каршы болобуз жана сөз эркиндигин дагы бир жолу коргоого бүт аракетибизди жумшайбыз”, - дейт Турдукулов.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, эксперт Руслан Акматбек, саясий серепчи Игорь Шестаков, журналист Шайырбек Абдырахманов жана журналист Эрнис Кыязовдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан