Журналист Шайырбек Абдрахманов: "Соттун чечими чыкканга чейин сөз эркиндигине карата басым деп айтууга болбойт"

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев оппозициялык “Апрель” телеканалын сотко берди. Буга аталган телеканалда көрсөтүлгөн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрдагы маеги негиз болууда. Доогерлер экс-президент тарабынан өздөрүнө карата такай кемсинткен жана ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка туура келбеген маалыматтардын жарыяланышына жана анын элге таратылышына нааразы. Үч саясатчы ар бири 6 миллион сомдон “Апрель” телеканалынан жана Атамбаевден, жалпы 18 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылышууда.

SUPER.KG порталынын "ЖМКларды миллиондогон сомдук доого жыкмай дагы башталды. Сөз эркиндиги корголбогон мамлекетте өнүгүү болобу?" деген соболуна журналист Шайырбек Абдырахманов жооп берди.

Ал ЖМКнын ишине байланыштуу берилген акыркы арыз өндүрүшкө алына электигин эске алып, пикир айтуу кыйын дейт.

"Менин оюмча, сөз эркиндигине басым башталды деп айтууга эрте. Сот өндүрүшкө алабы, кандай карайт, соттун чечимине жараша гана бир нерсе деп айтса болот. Ар бир адам өзүнүн намысына шек келгенде сотко кайрылууга укугу бар. Булар сотко кайрылды. Соттун чечиминен кийин жыйынтык чыгарабыз. Буга чейин да соттук процессттер болуп, каналдар жабылган. Ошол соттук чечимдерден улам биз сөз эркиндигине басым болгонун айтып чыкканбыз. Адамдын нааразычылык менен жазган арызынын коомдук-саясий абалга тиешеси жок деп ойлойм. Анткени саясий адам болобу же башкабы биз Конституциянын алдында укугубуз бир", - деди Шайырбек Абдырахманов

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин башчысы Адил Турдукулов, эксперт Руслан Акматбек, саясий серепчи Игорь Шестаков, конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана журналист Эрнис Кыязовдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан