Журналист Эрнис Кыязов сөз эркиндиги тууралуу: "Айтылган пикир мыйзамга жана абийирге каршы болбошу керек"

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев оппозициялык “Апрель” телеканалын сотко берди. Буга аталган телеканалда көрсөтүлгөн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрдагы маеги негиз болууда. Доогерлер экс-президент тарабынан өздөрүнө карата такай кемсинткен жана ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка туура келбеген маалыматтардын жарыяланышына жана анын элге таратылышына нааразы. Үч саясатчы ар бири 6 миллион сомдон “Апрель” телеканалынан жана Атамбаевден, жалпы 18 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылышууда.

SUPER.KG порталынын "ЖМКларды миллиондогон сомдук доого жыкмай дагы башталды. Сөз эркиндиги корголбогон мамлекетте өнүгүү болобу?" деген соболуна журналист Эрнис Кыязов жооп берди.

Ал сөздүн жана ойдун эркиндиги ар кайсы учурда айтылышы зарыл деген пикирде.

"Айтылган пикир мыйзамга жана абийирге каршы болбошу керек. Улуттар аралык кастыкты козутпай, бир адам менен экинчини, жаамат менен жааматты чабыштырбаган ой-пикир болушу шарт. Бул жалпы эреже кимдин тушунда болбосун, кандай систем болбосун сакталышы керек деп ойлойм”, - дейт Кыязов.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин башчысы Адил Турдукулов, эксперт Руслан Акматбек, саясий серепчи Игорь Шестаков, журналист Шайырбек Абдырахманов жана конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан