2013-жылга карата ӨКМнын негизги иш-чараларынын планынын негизинде, 15-17-июль күндөрү Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы ӨКМнын райондук, шаардык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле ага караштуу Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин райондук жана шаардык бөлүмдөрүнүн башчыларына атайын окуулар өткөрүлдү. Окуунун максаты - катышуучуларга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюуда калкты өзгөчө кырдаалдар коркунучу тууралуу өз убагында кабарландыруу иш-чаралары жөнүндө теориялык жана практикалык билимдерин өркүндөтүү. Окутууда заманбап техникалык каражаттарды туура пайдалануунун жолдорун үйрөтүү негизги максаттардын бири болду. Иш-чарада министрлик тарабынан аталган облустардагы ӨКМнын райондук, шаардык бөлүмдөрүнүн башчыларына БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын алкагында алынган ноутбук, фотоаппарат жана USB интернет модемдери тапшырылып, бул каражаттарды туура, максаттуу пайдалануу тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.