Бүгүн, 18-июлда Бишкек шаарында 5-июлда жарык дүйнөгө келген үч эмдин үй-бүлөсүнө Свердлов райондук администрациясы жардам көрсөттү. Үч эмдин ата-энесине 58 миң сом акчалай жардам, 3 кызга кийим жана кийим жыйноочу шкаф берилди. Бул үй-бүлөнүн бул жаңы төрөлгөн ымыркайлардан башка 1, 3, 5 жаштардагы балдары бар. Ымыркайларга Аяна, Диана, Раяна деген ысымдар ыйгарылыптыр. Кыздардын апасы Назира Камилова кубанычын жашырган жок: “Балдардын абалы жакшы, көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирем. Учурда бир бөлмөлүү батирде айына 3000 сом төлөп жашайбыз. Жолдошум "Дордой" базарындагы кафелердин биринде ашпозчу болуп иштейт. Тапкан акчасы тамак-ашка араң жетет. Эми, Кудай буюрса, батир алганга керектүү документтерди топтоп, кезекке турабыз”- деди ал. Ал эми Свердлов районунун акиминин орун басары Чынара Бөрүбашева төмөнкүлөрдү билдирди: “Бул үй-бүлөдөгү улуу 3 баласын бала бакчага орноштурууга жардам көрсөтөбүз, ошондой эле аптасына 2 жолу бекер сүт берилип турмакчы. Ал эми батир маселеси кезекке турганына жараша болот. Мындан ары дагы тиешелүү социалдык жардамдарды көрсөтүп турганга аракет кылабыз”.