Жантөрө Сатыбалдиев Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жана Сары-Таш-Карамык унаа жолдорун оңдоо иштери аяктаганына арналган иш-чарага катышты

Бүгүн КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Алай районундагы Сары-Таш айылында болуп, Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жана Сары-Таш-Карамык унаа жолунун толук жаңыланып бүтүшүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Сөз сүйлөгөн премьер-министр унаа жолдору талапка ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөнүн белгиледи. Ошондой эле "Бул унаа жолу стратегиялык маанидеги Ош-Бишкек унаа жолунун уландысы. Биздин өлкөнү Кытай жана Тажикстан менен байланыштырат. Биз биргеликте Кыргызстандын жол тармагындагы зарыл делген долбоорду бүтүрүп алганыбыз мен үчүн абдан жагымдуу окуя. Бул башталышы гана, саясий туруктуулук болсо, мындай долбоорлордун көбү алдыда",- деди Жантөрө Сатыбалдиев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан