Журналисттер үчүн кыргыз тилин бекер окутуу курсу ачылат
Өкмөттүн аппараты жана Кыргызстан элдер ассамблеясы
журналисттер үчүн кыргыз тилин бекер окутуу курсун ачышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз
кызматы бүгүн, 18-июлда билдирди. Маалыматка ылайык, азыр
журналисттерди кабыл алуу жүрүп жатат. Кыргыз тилин үйрөтүүнү Кыргызстан элдер
ассамблеясынын адистери колго алышкан.