Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдө өтүүчү "Мейкин Азия" фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн президенттин резервдик фондунан акча бөлдү. Тиешелүү жарлыкка мамлекет жетекчи бүгүн, 18-июлда кол койду. Фестиваль Чолпон-Ата шаарында бүгүн башталып жатат. 3 күнгө созулган музыкалык майрамга 10дон ашык өлкөнүн белгилүү ырчылары катышууда.