Алмазбек Атамбаев: "Күзүндө коррупцияга каршы күрөшүүнүн экинчи этабын баштайбыз"

18-июлда президент Алмазбек Атамбаев швед саясат таануучусу, “Мамлекет инвестициялык базар катары: Кыргызстандагы коррупцияга ой жүгүртүү" аттуу илимий эмгектин автору, доктор Йохан Энгваллды кабыл алды.

“Сиздин монографияңызда биздин өлкөдө коррупциянын келип чыгуу жагдайларына жана себептерине абдан терең анализ жасалган, коррупция кантип мамлекеттик башкаруу ыкмасы, ал эми мамлекеттик кызматтар кызыкдар адамдар тарабынан инвестициялоо объектиси болуп калгандыгы таамай, ишенимдүү көрсөтүлгөн”,- деди мамлекет башчысы.

 

Республикадагы коррупция менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи президент.  

 

“Коррупция менен күрөшүү өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын башкы багыттарынын бири болуп саналарын сиз билесиз. Биз күзүндө бул күрөштүн экинчи этабын баштоого даярданып жатабыз, анда башкысы коррупцияга өбөлгө түзүүчү себептерди жок кылуу жана алдын алуу болот. Бул күрөш, сиз өз эмгегиңизде жооп бергендей, жеңил болбойт. Бирок анын себептери белгилүү болсо, ар кандай жамандык, ар кандай оору менен күрөшүү кыйла жеңил. Ал эми сиздин монографияңыз бул жерде көп нерсени айкындайт”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

 

Ал эми Йохан Энгвалл буларга токтолду: “Мамлекет инвестициялык базар катары: Кыргызстандагы коррупцияга ой жүгүртүү" деген китебим менин Кыргызстандагы саясат, мамлекеттик курулуш жаатындагы акыркы 8 жыл ичиндеги изилдөөлөрүмдүн натыйжалары болуп саналат. Иш мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевдин учурунда коррупция кантип башкаруу методу болуп калгандыгына басым жасайт”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан