Бүгүн, 19-июлда "Түндүк электр" ишканасына караштуу бир катар электр жабдуулары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Буга байланыштуу Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Саат 09:00дөн 13:00гө чейин борбор шаардын 5-кичи районундагы №72, 73, 79, 83-көп кабаттуу үйлөрдө, саат 10:00дөн 16:00гө чейин Жукеев, Пудовкин, Сүйөркулов көчөлөрүндө, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бөкөнбаев көчөсүндөгү №2-көп кабаттуу үйдө, Ак-Босого, Ала-Тоо жаңы конушунда, Токтогул, Москва, Логвиненко, Панфилов, Манасчы Сагымбай көчөлөрүндө, Ынтымак жаңы конушунун түштүк батыш тарабында электр жарыгы болбойт. Саат 09:00гө чейин Чүйдүн Аламүдүн районундагы Чүй, Ош, Нарын көчөлөрүнө, энергетиктер шаарчасына, Учкун, Кырман жаңы конуштарына, Кара-Балта шаарынын бир бөлүгүнө электр энергиясын берүү чектеле турганын "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков