18-июлда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев иш сапары менен Талас облусуна барды. Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата районунун тургундары менен жолугушкан Сарпашев өкмөт тарабынан кабыл алынып, Жогорку Кеңешке жиберилген мамлекеттик башкаруу органдарын оптимизациялоо системи тууралуу мыйзам долбоорунун максатын кенен түшүндүрүп берди. Ал белгилегендей, мыйзамдын максаты - мамлекеттик башкарууну күчөтүү, район жетекчилерине тийиштүү өлчөмдө бийлик тизгинин берүү. "Бул багыттагы мыйзамга негизги 12 өзгөртүү киргизилип жатат. Райондук кеңешти жандандыруу, губернатор институтун калыбына келтирүү, айыл өкмөт башчыларын шайлоодо акимдин ролун күчөтүү. Ушул жана башка өзгөртүүлөр жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. Мындай мүмкүнчүлүктү алуу менен жетекчилер элдин көйгөйлөрүн чечүүгө тезирээк аракет кылат деген ойдобуз",- деди Сарпашев. Муну менен катар ал таластыктардын бир катар суроолоруна жооп берди.