Ысык-Көл. "Мейкин Азия" фестивалында баш байгени уткан ырчы 10 000 доллар менен сыйланат

Чолпон-Атада өтүп жаткан "Мейкин Азия" фестивалына 17 өлкөнүн атынан 22 ырчы ат салышууда. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, ырчы Өмүрбек Андарбековдун билдиришинче, бул сынактын башка сынактардан айырмачылыгы - жеңүүчүлөргө автоунаа же башка белек эмес, акчалай сыйлык тапшырылгандыгында. Белгилей кетсек, баш байгени уткан ырчыга 10 000 доллар жана "Кыргызстан дүйнөнүн чөйчөгүндө" деген маанини туюндурган кубок ыйгарылат. 1-орунду алган ырчыга 5 000 доллар, 2-орунга 3 000 доллар, 3-орунга 2 000 доллар акчалай сыйлыктар тапшырылат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан