Бүгүн, 19-июлда президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында спортчуларды куттуктайт

Бүгүн, 19-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда июнь-июль айларында ийгиликтерге жетишип, байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларды куттуктоо аземи болот. Кыргызстандын желегин көккө желбиреткен спортчулар акча каражаты жана атайын белектер менен сыйланышмакчы. Анда 6-17-июль күндөрү Татарстандын Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк Универсиадада медалга ээ болгон 12 спортчу, Иорданияда бокс боюнча өткөн Азия чеипиондугунда жеңишке ээ болгон 4 спортчу, күрөш боюнча Таиландда өткөн Азия чемпиондугунун 7 жеңүүчүсү, Бишкек шаарында өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон 1 спортчу жана Кореяда жабык имараттагы Азия оюндарындагы медалга ээ болгон  7 спортчу сыйланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан