Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз спортчуларынын жеңиштери элге ишеним жана үмүт тартуулайт"

Бүгүн, 19-июлда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында июнь-июль айларындагы спорттук мелдештерде ийгиликке жетишкен кыргызстандык спортчуларды куттуктоо аземин президент Алмазбек Атамбаев ачып берди. Сөз сүйлөгөн өлкө башчы спортчуларга ыраазычылык билдирди. “Силер мелдештерде абдан жакшы жетишкендиктерди көрсөттүңөр. Силердин ийгилик кыргыз элине ишеним жана үмүт тартуулайт. Өз эмгегиңер менен жеңүүчү болдуңар, жеңишиңер биздин мамлекеттин жеңиши. Жалкоолонбой иштесек, дүйнөлүк масштабдагы ийгиликтерге жетишсек болот. Күнү-түнү иштеп Кыргызстандыктарга үлгү көрсөткүлө”,- деди мамлекет башчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан