"Мамлекеттик кызматкерлердин Япониядан билимин өркүндөтүүсү боюнча жүрүп жаткан долбоордун жетинчи мууну окууга жиберилүүдө",- деди бүгүн, 19-июлда аталган долбоордун жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан жыйында мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Аалы Карашев. Бул долбоор аркылуу стипендиялык негизде окуп жаткан студенттер келечекте Кыргызстандын кадр багытындагы үмүтүн актай тургандыгына ишенерин айтты Карашев. Ал эми президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев "окууну бүтүрүп келгендерди кубануу менен кабыл алабыз, сиздерди күтөбүз",- деди. JAICA эл аралык япон борборунун жетекчиси Такаюхи Ояма студенттерге кайрылып "Япониядан мыкты билим алгыла, анын пайдасы мекениңерге тийсин. Мен сиздердин келишиңиздерди чыдамсыздык менен күтөм",- деди.