“Алма быш, оозума түш” деген жашоодон кутулушубуз керек”,- деди бүгүн, 19-июлда Бишкекте спортчулар менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев. Айтымында, көчөдө курулай кыйкырып “жолду оңдошпойбу” деп жүргөндөр көп. “Антпестен ар кимибиз өз күчүбүз менен бир нерсе жасоону үйрөнүшүбүз керек. Ар бир жаран маңдай тери менен үй-бүлөсүн, өзүн бакканды үйрөнсө. Жаш балдар буга чейин "чоң болом, рэкет болом" дешсе, эми спортчулардан үлгү алат деп ойлойм. Спортто болгон сиздердин жеңиш Кыргызстандын келечегин айгинелейт. Балдарым, ар дайым силерди Кудай колдосун!”- деди президент.