"Мамлекеттик кызматты арам жол менен акча таап, бай болуунун ыкмасы катары эсептеген саясатчылар бар" деди президент Алмазбек Атамбаев
"Кыргызстанда мамлекеттик кызматты арам жол менен акча таап, баюунун ыкмасы катары эсептеген саясатчылар бар",- деп билдирди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июлда эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчулар менен жолугушуу учурунда. "Мамлекетти дүкөн катары көргөн саясатчылар бар, көп нерсе алып алсам дейт, андан кийин дүкөн күйүп кетсе да баары бир. Анан да өлкөнү экиге бөлгүсү келгендер жүрөт. Мындай адамдарга орустун "Для кого война, а для кого мать родная" деген макалы туура келет. Бирок алардын доору бүткөн",- деп кошумчалады мамлекет жетекчиси.