Нарын. Облус эли кыштан кыйналбай чыгышы үчүн 44 903 тонна көмүр керек

18-июлда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбеков кышка карата даярдыктын жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызынын билдиришинче, кеңешмеде облус башчы көмүр каза турган ишканалар соцфондго, салыкка жана электр энергиясына болгон карыздарын 1-августка чейин жойбосо, тендерге катышпай турганын айтты.  Ошондой эле жаңы курулуп жаткан жолдорду бузуп албоо үчүн көмүр ташыган унаалар жүктү нормадан ашыкча жүктөбөшү керектигин тиешелүү жетекчилерге эскертти. Быйылкы кышка карата облустагы ооруканаларга 1217 тонна, мектептерге 12660 тонна, маданият мекемелерине 583 тонна, кесиптик техникалык окуу жайларга 561 тонна, ички иштер башкармалыктарына 564 тонна, чек ара кызматына 3858 тонна, облустун жылуулук берүү ишканаларына 2710 тонна, калкка 22 750 тонна, жалпы облус боюнча 44 903 тонна көмүр керектелери белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан