Казат Акматов, коомдук ишмер: "КМШда орус тили оорусунан Кыргызстан гана кутула албай жатат"

"Орус тили оорусунан же өз тилинен уялуудан СССРден таркаган бардык өлкөлөр арылды. Бир гана Кыргызстан кутула албай жатат",- дейт Мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун мүчөсү, жазуучу Казат Акматов. Айтымында, коңшулаш өлкөлөр эне тилин өнүктүрүүгө 1990-91-жылдары эле аракет жасай башташкан. "Мына көрдүңөр, азыр эле отурган журналисттердин дээрлик баары кыргыз тили маселеси карала баштаганда залдан чыгып кетишти. Эгер Өзбекстанда тил маселеси каралып жатканда кызматкерлер жыйындан чыгып кетсе, эртеси ал кызматкер иштен айдалат. Биз өтө эле сабырдуу эл экенбиз",- дейт жазуучу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан