Динара Сагынбаева: "Экстрасенстердин жана табыптардын жалган кызматынан жабыркагандардын саны өсүүдө"
Экстрасенстердин жана табыптардын жалган кызматынан жабыркагандардын
медициналык мекемелерге кайрылууларынын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад
облусунда иш сапары менен жүргөн саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева билдиргенин аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. “Адатта, андай бейтаптарды дарылоо өтө эле кеч болуп калат. Мындай жагдайларда
медициналык кызматкерлер атуулдардын ден соолугу үчүн жоопкерчиликти ала
алышпайт. Бейтаптар өздөрү өмүрүнүн байлыгы катарында ден соолуктарына аяр
мамиле кылуулары абзел”,- дейт министр айым.