"Ата Журт" партиясынын өкүлү: "Кыргызга чындап күйгөн бардык партиялар менен, керек болсо шайтан менен да биригүүгө даярбыз"

"Биз шайлоодон утуп чыксак, бардык партиялар менен коалиция түзүп иштешүүгө даярбыз. Эгер Кыргызстан үчүн чын жүрөгүнөн күйсө, мейли шайтан болсо да, жүрөгү кыргыз деп соксо, анын жүрөгүнө ыйман салып, биригип, иштешүүгө бар күчүбүздү жумшайбыз". Мындай пикирди шаардык кеңешке ат салышып жаткан партиялардын өкүлдөрү катышкан бүгүнкү теледебат учурунда "Ата Журт" партиясынын өкүлү Данияр Жаныкулов билдирди. Айта кетсек, бүгүнкү телетаймашка "Ата Журт" жана "Ак санат" партиялары катышты. Бул шайлоого аттанган партиялардын өкүлдөрү катышкан теледебаттардын акыркысы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан