КҮНСЕРЕП: Мадумаровдун маалы келдиби?

Бүгүн, 15-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Алдыдагы парламенттик шайлоого карата кандай саясий биригүүлөр болот? Оппозициялык альянска кимдер кириши мүмкүн деген суроолор акыркы күндөрү талкуулана баштады.

Жакында саясатчы Равшан Жээнбеков "жаз күтүүсүз саясий альянстардын жана ажырашуулардын убагы болот окшойт" деген эле. Талкууларда Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров өӊдүү саясатчылар биригиши керек деген пикирлер айтылып жатат. Өмүрбек Текебаев өткөн аптада "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде Адахан Мадумаровду "өлкөдө 2 саясатчынын бири" деп атап, экөөнүн максаты 90 пайыз үндөш экенин баса белгиледи. "Биздин идеябыз, идеологиябыз 90 пайызга дал келет. Ал идеология – элге кызмат кылган, патриоттук бийлик системин түзүү. Кыргыз мамлекетинде мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү орнотуу. Улуттук байлык эл үчүн пайдаланылып, адилеттүү түрдө калктын бардык катмарына бөлүнүшүн камсыз кылуу. Болгон айырмабыз - мен парламенттик системди колдоп келсем, ал президенттик системди колдоп келет", - деди Текебаев. Бул маекти коомчулук парламенттик шайлоого старт деп түшүндү. Текебаевдин мындай пикири айрымдарга жакпай, Мадумаров экөөнүн илгерки кайым айтыштарын таап чыгып, коомчулукка жайылтуу аракети күчөдү.

Шайлоого жакын ар кандай биригүүлөр, ажырашуулар болору кадимки көрүнүш. Ал эми шайлоодо бийликке чыныгы атаандаштык жаратуучу, ар бир добуш үчүн күрөшүп, элди артынан ээрчите алган, бийлик менен эсептеше ала турган оппозициялык альянс түзүлө алабы деген суроо ачык бойдон турат. 2010-жылкы парламенттик шайлоодо реваншисттер Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков өӊдүү саясатчылар жеӊип чыкканы менен, алар жеңиштин чокусунда көпкө тура алышпады. Атамбаев-Текебаев тандеми реваншисттик фракцияларды ар кандай жолдор менен бириндетип чачыратып, партиялардын лидерлерин парламенттен сүрүп чыгып, күчтүү оппозициядан кутулушту. Атамбаев Конституцияны өзгөртмөкчү болгондо бош калган оппозициялык талааны Текебаев ээлеп, тиреш “Ата Мекендин” лидеринин абакка камалышы менен аяктады. Бийликти “мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштеди” деп сындап жаткан Садыр Жапаров да 11 жарым жылга соттолуп, абакта отурат.

Атамбаевдин бийлиги Текебаев, Мадумаров өӊдүү саясатчылардын гана оозун жаап, принцибин өзгөртө албады. Анын кесепети Текебаевди түрмөгө алпарса, Мадумаровду парламентке өткөрбөй келе жатат. Адахан Мадумаров 8 жылдан бери азыркы мамлекеттик системди сындап, аны өзгөртүү талабынан кайтпай келе жатат. Ал президенттик башкарууга кайтууну сунуштап келет. 2010-жылдагы революциядан соң эл президент Атамбаевден көптү үмүттөнүп, бирок үмүт жетиштүү акталбады. 1 жыл мурун бийликке келген Сооронбай Жээнбековдун аракети деле калыӊ массаны ыраазы кылып, келечекке үмүт жарата албай жатат. Тескерисинче, бийликке нааразылардын саны күн сайын арбып баратат. Эл бийлик алмашса эркиндикке чыгат деп күткөн Текебаев, Жапаров, Асановдор абакта калууда. Ушундай шартта Адахан Мадумаровдо оппозициялык күчтөрдү бириктирип, элди ээрчитип кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө...

Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргыздын бир катар өлкөлөрдөгү элчиликтерине талапкерлерди карады.

Түштүк Кореядагы элчи кызматына Динара Кемелова сунушталды. Кемелова буга чейин Тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. Депутаттар андан "Бишкек ЖЭБин жаӊылоодо ТВЕА компаниясы менен келишим түзүүгө катышыӊыз барбы?" деп сурап, талапкер ага тиешеси жок экенин билдирди. Тиешеси болсо да шектүү жагдайлары калкып чыккан долбоорго катышы бар экенин айтышы күмөн эле. Кытайдагы элчи кызматына Канайым Бактыгулова сунушталууда. Бактыгулова аталган өлкөдө мурда да элчи болуп иштеп, 2017-жылы кызматтан бошотулган эле. Атамбаевдин кадры Кадыр Токтогулов жакында Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчиси кызматынан бошотулду. Премьер-министр анын ордуна буга чейин Орусиядагы элчиликти жетектеп келген Болот Отунбаевди сунуштады. Отунбаевдин элчилик ишине Орусиядагы мигранттар нааразычылык айтып жүрүшөт. Ага карабай эми ал АКШ менен байланышты жакшыртуу миссиясына жөнөтүлүп жатат. Ал эми Орусиядагы элчиликти жетектөөгө Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Жекшенкулов көп жыл дипломатия тармагында иштеген тажрыйбалуу талапкер. Бардык талапкерлерди Жогорку Кеӊештин аталган комитети жактырып, ушул эле күнү президент аларды кызматка дайындады.

Өткөн жылдын аягында ал кезде Түштүк Кореядагы Кыргыз элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги олуттуу кемчиликтер, коррупциялык көрүнүштөр тууралуу айтып чыккан. Кылычбек Султандын пресс-конференциясынан кийин министр кызматтан кетти. Адаттагыдай маселе чечилбей эле кайрадан орун алмашуу гана орун алды. Белгилүү болгондой, формула, систем өзгөрмөйүнчө орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт, оң жыйыктык чыкпайт...

Күтүлгөндөй эле Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү "быйыл 1-январдан тарта күчүнө кирген жаӊы кодекстерди кабыл алууга биздин тиешебиз жок" деп чыкты. Вице-премьер Жеӊиш Разаков маалымат жыйынында жаӊы кодекстер 2012-жылдан бери даярдалып, 2017-жылы кабыл алынган деп актанды.

Талкууга түшкөн документтер 2017-жылы кабыл алынганы чын. Маселе, 2017-жылдан бери өкмөттүн ал кодекстерди элге түшүндүрүп бербегенинде, жаӊы нормаларды ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыкпаганында болууда. Абылгазиевдин премьер болуп шайланганына жакында 1 жыл болот. Бүгүн чиновниктер "кодекстерге улам өзгөртүү киргизилип турат" деп жатышат. Разаков "Эреже бузуулар боюнча бирдиктүү реестрди ИИМ, кылмыштар боюнча Башкы прокуратура көзөмөлдөйт. Башкармалыктарды техника менен камсыздадык" деп билдирди. Жаӊы эрежеге ылайык, коомдук жайга түкүргөн адамга 5500 сом айып салынат. Бирок ал адамды кантип таап, аныктоо жолу бүдөмүк. Өкмөттө бул сумманы 1000 сом кылуу каралып жатканы айтылды. Жарандык коом адегенде шаарларды жаркыратып оӊдоп, көчөлөрдү тазалап жууп, камераларды орнотуп, жарандардын коопсуздугун камсыз кылгандан кийин гана айыптарды көтөрүү керек болчу деп сындоодо...

Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу сунуштаган "Аба кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул мыйзам өлкөдө "Ачык асман" режимин ишке киргизүүгө жол ачат.

Демилгечилер "Ачык асман" режими иштей баштаса өлкө жарандары чет өлкөгө заманбап, коопсуз учактар аркылуу арзан баада уча баштайт, Кыргыз жерине келчү туристтер көбөйөт деп ишендиришкен. Эми чет элдик авиакомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук алат. Бул демилгеге Жогорку Кеӊештин айрым депутаттары каршы чыгып, "жергиликтүү авиакомпаниялар атаандаштыкка туруштук бере албай банкрот болушат, ички каттамдар токтоп калышы мүмкүн" дешкен. Ошол эле учурда жергиликтүү авиакомпаниялар монополист болуп, Кыргыз асманын ээлеп алып өздөрү каалаган баада жүргүнчү ташып жатканы да сындалып жүргөн. Мисалы, депутаттар баш болуп ички каттамдарга билеттин баасын 4 миӊ сомдон түшүрө албай жаткан. Ата мекендик авиакомпанияларга жеӊилдик берүү жолдору каралууда. Ал жеӊилдиктер жакында парламентте талкууланмакчы. Демилгенин авторлору "Ачык асман" режими 6 айда жыйынтык көрсөтө баштайт дешкен. Кыргыз жарандары үчүн учуулар арзандап, өлкөгө келген туристтердин агымы көбөйөбү, жай айлары көрсөтөт...

Чиновниктер сыйлыктарды жакшы көрүшөрү дагы бир ирет белгилүү болду.

Агартуучулук идеялары менен айырмалана бербеген парламент депутаты Тазабек Икрамов Билим берүүнүн отличниги төш белгиси менен сыйланды. Депутат муну Дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абаддагы филиалында 2 жыл мугалим болуп иштегенинин кайрымжысы катары түшүндүрдү. Мамлекеттик сыйлыктар калыс, адилеттүү берилбей жатканы дайым сындалып келе жатат. Өмүрүн билим берүүгө арнап, мектепте 30-40 жыл мугалим болуп иштеп, бирок аталган төш белгиге жетпегендер көп. Ошол үчүн коомчулук Икрамовго аталган төш белгинин берилишин сындап жатат. Депутат деген статусу болбосо Икрамовго бул сыйлык берилет беле?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан