Жаңы кодекстер боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу 15-январдагы маалымат жыйында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.
Вице-премьер түкүрүккө салынган айып пулдун суммасын азайтуу каралып жатканын айтты. "Түкүрүк боюнча катуу талкуу болуп парламентке жетип, маселе көтөрүлгөн экен. Таштандыларга 5500 сом болгону туура. Түкүрүк кошулуп калыптыр. Премьер айып пулдун суммасын туура эмес көрдү. Жазасы башкача болсун деген оюн айтты. Тамеки тартууга 1000 сом каралган экен. Түкүрүккө да ошончо каралса экен деп сунуштап жатабыз. Экинчи окууда түкүрүктүн айып пулун азайтуу маселеси каралат", - деди Разаков.
Өкмөт өкүлдөрү 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстер тууралуу түшүндүрмө берип, алардын аткарылышы жөнүндө маалымат берип жатышат.