Сузак районундагы ооруканаларда медициналык жабдуулар жетишсиз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Сузак районунун Октябрь айылында 50 орунга ылайыкталган оорукананын курулушу аяктоодо. “Учурда министрлик кантип ал мекемени медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу жана төрөт бөлүмүндө операцияларды кандайча жасоо керектиги туурасында маселени чечүүгө аракет кылууда. Ошондой эле Сузак райондук ооруканасын курууга 3,5 миллион сом бөлүнгөн. Аны бүтүрүүгө кошумча каражат табуу зарыл”,- деп жазылган билдирүүдө.