20-июлда Коргоо министрлигинин алдындагы Улуттук Гвардиянын 21 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Бул күнү асердик шаарчада "Пантера" атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүндө кызмат өтөгөндөр курал колдонуу, мушташ өнөрү боюнча өздөрүнүн күжүрмөн даярдыгын көрсөтүшөт. Мындан сырткары, мини футбол, пейнтбол, курал атуу боюнча жолдоштук беттештерди өткөрөт. Айта кетсек, учурда Улуттук Гвардияны полковник Мирбек Имаев жетектейт.