Бүгүн, 15-январда Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди. Анын айтымында митингге чыккан элдин нааразычылыгынын себеби - базардагы орундардын ижара акысынын көтөрүлүшү.
"Базарда соода-сатык кылгандар ижара акысынын баасы көтөрүлүшүнө нааразы болуп митинг кылышты. Буга чейин орундардын ижарасы айына 7700 сом болуп келсе, бүгүн 10 700 сомго көтөрүп салышты. Буга нааразы болсок, "иштесеңер иштегиле, итебесеңер контейнерлерди алып чыгып кеткиле" деп коюшту. Азыр соодагерлердин жумушу токтоп турат. Мурдагы тарифтерди айта кетсем, 2016-жылы ижара акысы 3200 сом болчу. 2017-жылы 7700 сомго көтөрүлгөн. Эми жаңы жыл кирери менен дагы 3000 сомго көтөрүп жатышат. Соодагерлердин баарынын моюнунда насыя бар. Соода деле жакшы жүрүп, кызып жаткан жок. Бир күн отуруп тапканыбызды ижарага төлөп, өзүбүзгө бир да сом түшпөй кетип жаткан учур. Бул боюнча Президенттик аппаратка кат жолдодук. Ошондой эле бүгүн акимчиликке да барабыз деп жатабыз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.