Алмазбек Атамбаев: "Күзүндө өлкөдө баш аламандык уюштуруу аракеттери болот, бирок биз өлкөнү сактайбыз"

"Кыргызстан өткөөл мезгилде көпкө кармалып калды",- деди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июлда эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчулар менен жолугушуу учурунда. Президент бийлик ички ызы-чуулар менен күрөшүүгө көп убакыт коротуп жиберди деп эсептейт. "Биз эми гана, эгемендүүлүк алгандан 20 жылдан кийин чыныгы эгемен мамлекетти курууну баштадык. Бул энергетикадагы көз карандысыздык, каржылык тармактагы жана башка багыттагы көз карандысыздык. Биз муну куруп бүтөбүз",- деди өлкө башчы. Атамбаев күзүндө өлкөнү бөлүп-жаргысы келгендер аракет жасай турганын, бирок алардын ою ишке ашпай турганын ишенимдүү айтты. "Биз өз өлкөбүздү сактайбыз",- деди ал.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан