Улуттук китепканага Касым Тыныстановго таандык 2 каттын түп нускасы тапшырылды

Бишкектеги Улуттук китепкананын Сейрек фондунун бөлүмүнө мамлекеттик жана коомдук ишмер Касым Тыныстановдун калемине таандык 2 каттын түп нускалары тапшырылды. Бул тууралуу китепкананын басма сөз кызматы билдирди. Көптөгөн чыгаан ишмерлер сыяктуу эле К.Тыныстанов да 30-жылдардагы репрессияга кабылган. “Жаңыл Мырза” поэмасы жана “Академия кечелери” деген жалпы аталыштагы драмалык пьесалары үчүн К.Тыныстанов катуу сынга алынып, контрреволюциячыл жана улутчул деген күнөөлөр тагылып ак жеринен айыпталган. Анын Улуттук китепканага берилип жаткан 2 каты дал ушул мезгилдерге таандык. Ал каттардын биринде 1937-жылдын 8-февралы деген дата коюлган жана 1933-1937-жылдарда Кыргызстандын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп турган М.Л.Белоцкийге даректелген. Катта К.Тыныстанов А.Токомбаевдин “Ленин жөнүндө” ырлар жыйнагына өзүнүн сыны боюнча түшүндүрмө берет. Экинчи документ – К.Тыныстановдун советтик белгилүү жазуучу М. Горькийге жиберген каты. Катта ал М.Горькийге өзүнүн “Академия кечелери” деген пьесасына борбордук басма сөздө пролетардык баа берүүнү суранган. Катты китепканага К.Тыныстановдун тууганы, Бишкекте жашаган куруучу-инженер Бактыбек Уралиев тапшырды. Анын айтуусу боюнча, катты ага энеси калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан