Экс-вице-спикер Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк универсиадада ийгилик жараткан спортчуларды куттуктады

Экс-вице-спикер Бакыт Төрөбаев Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк Универсиадада ийгилик жараткан спортчуларды куттуктады. Куттуктоодо мындай деп жазылат:   

“Урматтуу Дүйнөлүк универсиаданын катышуучулары! Казань шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк жогорку окуу жайлар арасында эки жылда бир болуучу Универсиадада кыргыз спортунун тарыхында болуп көрбөгөндөй ийгилик жаратып, кылым карыткан кыргыз элинин улуулугун даңазалап, Кыргыз мамлекетинин желегин желбиреткен жеңишиңиздерге ар бир мекендешибиз сыймыктанып жаткан учуру. Ошондуктан сиздер жараткан жеңишиңиздер коомчулугубуздун рухун көтөрүп, жакшылыктарга шыктандырып турган чагы. Ылайым силердин жеңишиңиздер биздин өлкөнүн күрдөлдүү өнүгүүбүздүн башталышы, улуттук жалпы жогорулашыбыздын башаты болуп калсын. Сиздерге спорт жагынан гана эмес, жашоонун бардык аспектилеринде түгөнгүс ооматтарды каалайм!”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан