ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту

  22-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту. Жолугушуу төрага Асылбек Жээнбековдун Санкт-Петербург шаарына жасаган иш сапары учурунда болуп, тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелердин алгылыктуу өнүгүүсүн баса белгилешти. Ошондой эле Орусия президенти Владимир Путиндин ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанга жасаган иш сапарындагы экономикалык, каржылык, аскердик маселелердеги макулдашуулары эки өлкөнүн мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрө тургандыгы айтылды. “Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара мамилелер өз ара ишенимге таянуу менен өнүгүүдө”,- деди төрага Асылбек Жээнбеков. Өз учурунда Сергей Нарышкин Кыргызстан менен Орусиянын парламенттер аралык байланыштарынын өнүгүшүнө токтолду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан