Бишкектин Ленин райондук соту тийиштүү токтом кабыл алуу менен "Ротафарм" компаниясы тууралуу айткан сөзү үчүн ЖКнын депутаты Ширин Айтматованы жоопкерчиликке тартуудан баш тартты. Анткени Айтматова өз учурунда "Репретин" дарысы талапка жооп бербейт жана адамдардын ден соолугуна зыян" деген сөздү депутат катары айткан. Бул тууралуу Айтматованын жактоочусу Нурбек Токтакунов 19-июлда билдирди. Буга чейин "Ротафарм" компаниясы депутат такталбаган сөздү айтты деп сотко кайрылып, 3 миллион сом төлөтүүнү талап кылган. Айта кетсек, Ш.Айтматова бөйрөк ооруларынан жабыркаган шайлоочулардын жардам сурап кайрылуусунан улам депутаттык иликтөө жүргүзгөн. Жабырлануучулар бул ишкана тарабынан даярдалган "Репретин" дарысынын сапатына нааразы болушкан. Жактоочу Нурбек Токтакунов арыз ээлерине Кыргызстанда депутат кол тийбестик макамына ээ экенин түшүндүрүп, соттон ишти токтотууну суранган. Бирок "Ротафармдын" жетекчилиги иштин токтотулушуна каршы болуп, Айтматованын шектенүүсү анын депутаттык ишмердүүлүгүнө тиешеси жок деп айтышты. 4 жолу соттук отурум болуп, судья 2 тараптын тең документтерин карап чыккан. Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшү жазылган стенограммалар Айтматованын айткандары анын депутаттык иликтөөсүнө байланыштуу экенин далилдеген.