Бүгүн, 19-июлда президент Алмазбек Атамбаев “Жер участокторду которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 30-майда кабыл алынган. Ал КРнын Жер кодексине, КРнын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана жерлерди бир категориядан башкасына же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктайт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.