Акыйкатчынын бир орун басарына балдардын укуктарын коргоо милдетин берүүгө багытталган мыйзамга Президенттин каршы пикири добуш берүүгө жөнөтүлдү

22-ноябрда Парламентте депутат Ширин Айтматова демилгелеген “КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга карата Президенттин каршы пикири каралды. Белгилей кетсек, Ширин Айтматова бул мыйзам аркылуу Акыйкатчынын бир орун басарына балдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча милдеттерди берүүнү сунуштаган. КРнын Президентинен бул мыйзамды толугу менен кабыл алуу максатка ылайыксыз деген каршы пикир келген. Жыйынтыгында “КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга карата Президенттин каршы пикири добуш берүүгө жиберилди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан