Арменияда залалдуу шишик менен жабыркагандарга операция акысыз жасалат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Армениянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып жазып чыгышты.
Онкологиялык ооруга чалдыккан бейтаптарга операция акысыз болот. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги тандоо жасаган медициналык жайларда гана операция жасалат. Армениянын саламаттыкты сактоо министри Арсен Торосян оорулууларды дарылоо үчүн ири суммадагы акча бөлүнгөнүн айтат.
"Бөлүнүп жаткан каражаттын көбү онкологиялык операцияларга жумшалат. Мунун негизинде залалдуу шишик менен жабыркагандарды дарылоо, операция жасоо мамлекет тарабынан каржыланат", - деген министр.