КҮНСЕРЕП: Асылбек Жээнбековго каршы чыккан апрелчилер суракка чакырыла баштады

Бүгүн, 25-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкектин жашоочулары кыштын күнү дагы суукта кала жаздады.

23-январда Көк-Жар кичи районунун аймагында жылуулук түтүктөрүнүн бири жарылды. Аны оӊдогуча Көк-Жар, Асанбай, 11-12-кичи райондордо жана 4-5-6-кичи райондогу үйлөрдүн бир бөлүгүндө жылуулуктун күчү азайып, жашоочулар дүрбөлөӊ түштү. Өткөн жылкы окуядан чочуп калган "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы бул окуяны "авария эмес" дегенге шашты. "Пландык текшерүүдө түтүктөрдүн бири тешилгени аныкталды. Жарылган жерди оӊдогуча сууну токтотуп туруу керек болду", - дешти мекемеден.

Бишкекти кычыраган кыш чилдеде 1 апта жылуулуксуз калтырган Жылуулук электр борборундагы техникалык кырсыкка 1 жыл болду. Былтыр ушул күндөрү ЖЭБде жабдыктар иштен чыгып, шаарга жылуулук берүү басаӊдай баштаган. Бул окуя ЖЭБди сезондук оӊдоп-түзөөдөгү, станцияны Кытайдан алынган 386 миллион долларга жаӊылоодогу шектүү жагдайларды ачыкка чыгарды. ЖЭБди кышка даярдоо шылтоосу менен миллиондор уурдалып жүргөнү, кадимки 2000 сомдук кычкачтардын баасы 600 доллар, кадимки видеобайкоочу камералар 14 000 доллар деп көрсөтүлгөн фактылар ушул авариядан кийин калкып чыгып, иликтөө башталган. Учурда ушул окуяга байланыштуу ачылган кылмыш иштери боюнча мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиев баштаган бир топ чиновник кылмышка айыпталып, убактылуу кармоочу жайда отурат. Айрымдарына сот чечимдери чыга баштады. Мисалы, ЖЭБди оӊдоп-түзөөдөн өткөрүү ишинде ири суммадагы акчанын уурдалышына айыпталган "Электр станциялары" ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев 7 жыл 6 айга, аталган ишкананын мурдагы техникалык директору Алмазбек Жусубалиев 7 жылга соттолду. Ал эми станцияны Кытайдан алынган карызга жаӊылоодо коррупциялык иштерге шектелгендер боюнча тергөө жүрүп жатат.

"Кышка даярбыз" деген азыркы өкмөттүн чамасын сыноодо табият жардамчы болууда. Катуу суук жок азыркы тапта түтүктөр жарылып жатса, анда өкмөттү оор сыноолордон жылуу аба ырайы гана сактап тургансыйт...

Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев 2020-жылы февраль айында жатак абакка которулат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Буга чейин "ата мекенчилер" 2019-жылы 1-январда күчүнө кирген жаӊы кодекстерге ылайык, Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго ачылган кылмыш иши кайра каралышы керектигин айтып жатышкан. 22-декабрда "Ата Мекендин" лидери 60 жашка чыгып, партиялаштары, тарапташтары анын юбилейин белгилешкен. Ал иш-чарадан соң жоон топ саясатчылар ал учурда ооруканада дарыланып жаткан Текебаевди куттуктаганы барышып, "Ата Мекендин" лидеринин качан эркиндикке чыгары тууралуу сөз козголгон. Текебаев "ансыз деле 2 айдан кийин жатак абакка чыгам, президенттен ырайым сурабайм" деген.

"Мен 8 жылга кесилгем, бул мөөнөттүн жалпы эсептегенде 5 жыл 2 айын отурдум. 2 айдан кийин жатак абакка чыгам. 1 жылдан кийин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгам. Эл-журт колдоп турса 2 ай көбүрөөк отуруп койсом ашыкча болбойт", - деген Текебаев. Бул арада адвокаттар "бизге бийлик Текебаевди 2020-жылдан мурун эркиндикке чыгарбайт деген сөздөр жетүүдө" деп чыгышты. Көрүнүп тургандай, ал айтылгандар чын болуп чыкты. 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. ЖАМКнын мындай маалымат жарыялаганына караганда бийлик Текебаевдин эркиндикте болушу шайлоого карата планды бузат деп чочулайт.

Ак Үйгө соттон акталбаган, толук эркиндиги жок Текебаевдин алсыз командасы ыӊгайлуу. Ал эми коомчулук саясий куугунтук деп санаган Садыр Жапаровдун иши сотто кайра каралышы мүмкүн. Жаӊы кодекстерге ылайык, абактагы 3 миӊден ашык адамдын иши кайра кароо үчүн сотко жиберилгенин парламентте ЖАМКнын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди. Ал эми Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков өӊдүү саясатчылардын кылмыш иши жөнүндө сөз жок. Жакында парламенттеги фракция лидерлери Текебаевге ырайым кылууну суранып президентке кайрылганда бул аракетти сындагандар көп болду. Көпчүлүк камактагы саясий туткундарды бөлбөй, баарына бирдей мамиле жасалышы керектигин билдирди. Камактагы саясатчылардын айрымдарынын ишин кайра кароого шарт түзүлүп, айрымдарына уруксат берилбей жатышы да сөзсүз нааразычылыктарды жаратат...

Интернет желесине “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун төрагасы, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, элге көбүрөөк "апрелчи" катары таанымал Мээрбек Мискенбаев жана анын орун басары Амантур Жамгырчиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалганы жазылууда.

Расмий органдар бул маалыматты тастыктап же төгүндөй элек. Ал эми Мискенбаевдин жубайы "жолдошум эртеӊ менен сурак берүүгө кеткен бойдон кабарсыз" деп билдирди. 2018-жылы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Апрель баатырлары" коомдук уюмдарынын жетекчилерине "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголду деген маалымат тараган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул маалыматты тастыктап же четке каккан эмес. Ошол кезде ЖМКларга тараган маалыматтарга караганда экс-депутат Мээрбек Мискенбаев Апрель окуясынан жабыркагандарга бөлүнгөн көмүрдү сатып, 2 миллион сомдон ашык акчаны өздөрүнө ыйгарып алган деп айыпталууда. Ал эми Мискенбаев бул окуяны өзүнө каршы саясий куугунтук катары эсептейт. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден 3 ай өткөн соң, былтыр март айында өлкө башчынын бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык кызматта отурганы туура эместигин айтып "мандатын тапшырсын" деген талап менен митинг уюштурган. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө үй-бүлөлүк башкарууга кайтуу коркунучу бар экенин айтып келе жатат. Адатта бийлик кайсы бир саясатчыга каршы кылмыш иши ачылса көбүнчөсү аны "коррупцияга каршы күрөшүү аракети" деп түшүндүрөт. Көпчүлүк учурда айыпталган тарап өзүнө каршы саясий куугунтук жүрүп жатат деп жарыялайт. Чындык кайсы тарапта экени тергөөдө, сотто көрүнүүгө тийиш. Бирок бул тармак 28 жылдан бери бийликтин чийген чийининен чыкпай келе жатат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан