super.kg logo
  Саясат  

Текебаев Жээнбековдун "ырайым сураса, берейин" деген сөзүнө жооп кайтарды

 
Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Феликс Кулов
Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, Өмүрбек Текебаев, Жолборс Жоробеков
Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров

Бүгүн, 22-декабрда саясатчы Өмүрбек Текебаевди туулган күнү менен куттуктап анын партиялаштары баш болгон бир топ саясатчылар Улуттук кардиология борборуна барышты. Кардиология борборунда дарыланып жаткан саясатчы конокторду жылуу кабыл алып, журналисттердин суроолоруна жооп бергенге да жетишти.

Текебаевдин айтымында, анда президенттен ырайым сурап кайрылуу ниети жок.

"Мен 8 жылга кесилгем, бул мөөнөттүн жалпы эсептегенде 5 жыл 2 айын отурдум. 2 айдан кийин жатак абакка чыгам. 1 жылдан кийин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгам. Мен кармалгандан баштап бардык этапты басып өттүм. Мен эртеби же кечпи эркиндикке чыгам. Эртеби же кечпи, чындык орнойт. Жок нерсени бар деп койсо, ал тарыхта ташка тамга баскандай калбайт. Мен күткөндөн коркпойм. Колдоп турган адам болсо, бардык нерсе коркунучсуз. Адам кылган ишинин бааланышын билсе өлүмгө деле кете бергидей. Эл-журт колдоп турса 2 ай көбүрөөк отуруп койсом ашыкча болбойт", - деди Текебаев.

Мындан тышкары ал абакта ага кандай мамиле жасалып жатканын айтып берди. "Бул жакта мага карата мамиле жакшы. Бир да жолу колума кишен салышкан жок. Кинодогудай дубалды каратып, колумду кайрып алып кетишкен жок. Мына балдар турат, буюмдарымды дагы ар дайым өздөрү көтөрүп жүрүшөт. Бир да начар мамилени көргөн жокмун. Мен муну мурунку бийликтин жана азыркы бийликтин оппонентине, душманына жасаган мамилеси деп баалайм. Ушуга окшогон мамиле бизде саясатчылардын, эркектердин, адамдардын арасында ар дайым болушу керек. Эреженин чегинде чабышуу керек, утулган адамга урмат болуш керек. Жеңилүү ар дайым убактылуу", - деди саясатчы.

19-декабрда маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттук отурумдар бардык инстанцияда өткөнү боюнча "Өмүрбек Текебаев боюнча бардык соттук инстанция бүткөн. Жогорку Кеңеш дагы караган, мен аны буза албайм. Соттун чечими чыккан. Ал ырайым сурап жазса, берейин", - деген өлкө башчы.


кошулду


Текебаев Жээнбековдун “ырайым сураса, берейин” деген сөзүнө жооп кайтарды

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 18 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121132;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: