19-июль күнү социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Чаткал районуна барды. Аталган министрликтен билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө министр райондун жашоочулары менен жолугушуп, калктын каалоо-тилектерин жана сунуштарын укту. Жолугушуунун жүрүшүндө жөлөк пулдун бөлүнүшү, берилиши тууралуу маселелер жана медициналык-социалдык экспертизалык борборго тиешелүү маселелер көтөрүлдү. Мындан сырткары министрге протез жана майыптардын арабасын алуу суранычы менен кайрылгандар да болду. Өз сөзүндө министр айтылган сунуштарды чечүүгө аракет жасай турганын айтты.